Коомдук ишмер Ассоль Молдокматова рак оорусун жеңди. Бул тууралуу ал «Кабар» маалыматтык агенттигинде өткөн пресс-конференцияда билдирди.
Анын айтуусунда, ал онкологиялык оору менен 5 жыл күрөшкөн.
«Бул оору менен күрөшүү жолу мен үчүн абдан оор болду. Эртең сени эмне күтүп турарын билбейсиң. Мен онкологияны жеңдим», — деп айтты.