Казакстандын борбору Астана шаарында КМШга мүчө мамлекеттердин ички иштер органдарынын борбордук түзүмдөрүнүн жетекчилеринин V жыйыны өттү. Бул тууралуу Казакстандын ИИМи билдирди.
Жыйынга Астана шаарынын полиция департаментинин башчысы Марат Түлөбаев төрагалык кылды.
Иш-чарага Азербайжан, Армения, Беларус, Кыргызстан, Орусия, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын ички иштер органдарынын өкүлдөрү, ошондой эле уюшкан кылмыштуулук жана башка коркунучтуу кылмыштар менен күрөшүүнү координациялоо бюросунун директору Олег Коновалов катышты.
Жолугушууда коомдук коопсуздукту камсыздоо жаатында өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери, ири шаарлардагы кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө пайда болгон жаңы чакырыктар жана тенденциялар талкууланды.
Катышуучулар докладдар менен чыгып, коомдук тартипти камсыздоо, транс улуттук кылмыштуулукка, киберкоркунучтарга, баңги заттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы аракеттер, ошондой эле массалык иш-чаралар учурундагы коопсуздукту камсыздоо жаатында тажрыйба жана жыйынтыктар менен бөлүшүштү.
Талкуулардын жыйынтыгында кызматташтыктын айрым багыттары боюнча сунуштар иштелип чыкты.