Кыргызстанда 474 миң гектар асылдыгы төмөн жайыт бар. Бул туурасында Айыл-чарба министринин орун басары Нурлан Шерипов Жогорку Кеңештин жыйынында асылдуулугу төмөн жайыттарды айыл-чарба багытына колдонууга уруксаат берген мыйзам долбоорун талкуулап жатып билдирди.
Асылдыгы төмөн жайыттар:
- Баткен 138 миң га,
- Ысык-Көл облусу 110 миң га,
- Ош облусу 52 миң га,
- Жалал-Абад облусу 93 миң га,
- Талас облусу 15 миң га,
- Чүй облусу 38 миң га,
- Нарын облусу боюнча 25 миң гектар жайыттын асылдыгы төмөн экени аныкталган.