Ат-Башыда архитектура башкармалыгынын жаңы имараты ачылды

01.03.2026 | 11:02

28-февралда Нарын облусунун Ат-Башы районунда Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жаңы имаратынын ачылышы болду.

Салтанаттуу аземге курулуш министри Нурдан Орунтаев, мамлекеттик органдардын жетекчилери жана район тургундары катышты.

Административдик имараттын курулушу 2025-жылдын июль айында башталып, министрликтин ички ресурстарынын эсебинен каржыланган. Долбоорго ылайык, эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 200 чарчы метрди түзөт. Анын ичинде жыйын залы, күтүү залы, архив, кабыл алуу бөлүмү, «бирдиктүү терезе» зонасы жана техникалык жайлар каралган.

Министр Нурдан Орунтаев имарат кызматкерлердин иши үчүн шарттарды камсыздап, жарандарды тейлөөнүн сапатын жогорулатарын белгиледи. Буга чейин башкармалыктын кызматкерлери 1952-жылы турак жай катары курулган имаратта иштеп келишкен.

Scroll to Top