Ат-Башыда шырдак фестивалы жана кыргыз күрөшү боюнча эл аралык мелдеш өттү

Ат-Башыда шырдак фестивалы жана кыргыз күрөшү боюнча эл аралык мелдеш өттү

28-29-июнь күндөрү Ат-Башы районунун Сары-Тал жайлоосунда “Кыргыз даамы”, “Кыргыз шырдагы” фестивалы жана кыргыз курөш боюнча “Хан-Кошой” эл аралык мелдеши өттү. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.

Иш-чарага өкмөт башчынын орун басары Эдил Байсалов, маданият министринин орун басары Марат Тагаев, ЖК депутаты Мирлан Самыйкожо, аймактык жетекчилер жана өлкө аймактарынан келген коноктор катышкан.

Фестивалда ордо оюндары уюштурулуп, улуттук нукура азык-түлүктөрүн, унутта бараткан тамак-аштардын сынагы өткөн.

Ал эми жети дубандан келген кол өнөрчүлөр шырдактарын, кол эмгектерин алып келип, элдин, калыстардын сынына коюшкан. Ошондой эле Казакстан, Өзбекстандан келген балбандар күрөшүп, жаачылар, сүрөтчүлөр өз өнөрлөрүн тартуулашкан.

Мындан тышкары иш-чарада кыргыз шырдагынын, улуттук азыктардын жасалышы, казан асуу, устукан тартуу маданияты көрсөтүлгөн.

Эдил Байсалов фестивалда сөз сүйлөп, нукура маданиятты сактоо, кол өнөрчүлөрдү, дыйкандарды колдоо, ошондой эле аймактын позитивдүү имиджин калыптандыруу үчүн мындай фестивалдардын өзгөчө маанисин белгилеген. Ошондой эле мындай иш-чаралар өлкөнүн тоолуу аймактарынын экономикалык жана инфраструктуралык өнүгүүсүнө стимул болоорун билдирген.

Тамак аш, шырдак сынактарына атайын илимий изилдөөчүлөр, тарыхчылар, профессорлор, кол өнөрчүлөр жана бул тармакта тажрыйбалуу калыстар дайындалып, сынактардын жыйынтыгын чыгарышкан. Жеңүүчүлөргө дипломдор, акчалай сыйлыктар тапшырылган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>