Нарын облусунун Ат-Башы айылындагы ажатканалардагы саркындылар арыктагы сууга кирип жатат. Бул туурасында Reporter.kg′ге окурмандар видеосун жөнөтүп, нааразылыктарын билдиришкен.
Нааразы тарап “Ат-Башы суусунан бөлүнүп чыккан айылдагы огороддорду сугара турган арыктардын жээгиндеги бул ажатканалардын ээлерине айтып жатып түшүндүрө албадык. Бул арыктарга бок-сактар сарыгып кирип жатат. Ылдый жактан айрым жарандар да ичишет. Бул жагдайга жергиликтүү бийлик деле кол шилтеп коюшкан. Эмне кылышты билбей калдык” — деп суроо салган.