Ат-Башы районуна караштуу Бирлик айылында «Бир адамдан бир китеп» акциясы өттү. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.
Маалыматка таянсак, иш-чаранын максаты – окуучуларды жана ата-энелерди китеп окууга тартуу.
Ал эми китеп алууга айыл эли жана демөөрчүлөрдүн жардамы менен 210 миң сом жана 400 китеп чогулган.