«Ата Мекен» партиясы бийликке оппозиция экенин жарыялады

«Ата Мекен» партиясы бийликке оппозиция экенин жарыялады

«Ата Мекен» партиясы мындан ары учурдагы бийликтин саясатына карата оппозиция экенин жарыялады.

Мындай чечим жекшемби күнү партиянын аймактык жана райондук жетекчилери менен өткөрүлгөн жолугушууда кабыл алынганы партия тараткан билдирүүдө айтылат.

Жолугушууда партиянын 2020-жылдагы парламенттик шайлоого катышуусун ырастоо, “Ата Мекендин” желегинин астындагы демократиялык жана прогрессивдүү күчтөрдүн кеңири альянсын түзүүнү колдоо жана партиянын жетекчилигине талапкерлердин тизмесин ачык түзүү сыяктуу чечимдер кабыл алынган..

Белгилей кетсек, бүгүн 5-июлда Өмүрбек Текебаев, Темир Сариев Жанар Акаев, Рыскелди Момбеков сыяктуу бир топ саясатчылар «Жаңы дем» деген ураан алдында “Ата-Мекен” партиясынын алдына биригишип, шайлоого бирге  аттанарын жарыялашкан.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>