Ата мекендик өндүрүш. Кыргызстанда дүйнөлүк маркадагы унаалар чыга баштады

Ата мекендик өндүрүш. Кыргызстанда дүйнөлүк маркадагы унаалар чыга баштады

Кезинде авто унаа эмес, мык чыгараалбаган Кыргызстандын экономикасына жан кирип, завод, ишканалар жанданып жатканы баарына маалым. Бүгүн биз Кыргызстанда чогултулуп жаткан унаалар тууралуу сөз кылабыз. 

«Тулпар Моторс». Кыргызстанда ачылган ата мекендик автозавод «Тулпар Моторс».

Ал былтыр Өзбекстан менен Кыргызстан биргелешип расмий ачылган. Салтанатка Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев видеоконференция аркылуу, ал эми Садыр Жапаров жеринде катышып, сөз сүйлөгөн.

Чүй облусунун Москва районунун Ак-Суу айылындагы жеңил автоунаа чыгара турган заводдун курулушуна министрлер кабинетинин ошол кездеги төрагасы Акылбек Жапаров барган. Аталган заводдун ишке кириши Кыргызстандын автомобиль өнөр жайын өнүктүрүүнүн жаңы этабын көрсөтүп, 1000 жумушчу орун түзүп, жалпы инвестициянын көлөмү болжол менен 50 миллион долларды түзгөн.

Завод жеңил унааларды, жүк ташуучу унааларды жана автобустарды чыгарат. Алар Кыргызстандын транспорттук муктаждыктарын канааттандырып,  ал эми атайын автобустар мектеп окуучуларын ташуу үчүн иштелип чыгып, Борбор Азия өлкөлөрүнө экспорттолору маалым болгон. Эки өлкөнүн биргелешкен долбоору боюнча унаалардын 19 түрүн чыгаруу планы бар, анын ичинде микроавтобустар, пикаптар, седандар жана башкалар.

Биринчи этапта үч жылдын ичинде эле 10 миң автоунаа чыгаруу пландалууда. Ал эми кийинки алты жылда өндүрүштүн көлөмү жылына 30 мң автомобилге чейин жетет.

Завод Chevrolet жана Isuzu үлгүсүндөгү автоунааларды чыгарарын Жогорку Кеңештеги жыйында «ДТ Техник» ишканасынын директору Фархатжон Досматов билдирген.

«Баштапкы этапта Chevrolet жана Isuzu коммерциялык техникасын чыгарабыз. Авто унаалардын наркы жеңил унаалар — $13 миң доллардан, жүк ташуучу — $28 миң доллардын айланасында болот»,-деген ал.

Учурда жергиликтүү рынокто бул заводдо куралган унаалар төмөнкүдөй баа менен сатылууда.

Chevrolet Cobalt (сүрөттө) — 1 057 300 сомдон;

Chevrolet Onix — 1 361 200 сомдон;

Chevrolet Tracker — 1 667 800 сомдон;

Дамаскичи автобусу — 736 400 сомдон;

Лабо микроавтобус — 740 400 сом.

Жогоруда аталган унааларды мамлекеттик банктар аркылуу бөлүп төлөө жолу менен насыяга алуу жолу да каралган.

Белгилей кетсек, Париж Олимпиадасына катышкан спортчуларга Кыргызстанда чогултулган ата мекендик өндүрүштөгү он унааберилген. Спортчулар Chevrolet жана Kia маркасындагы унааларга ээ болушкан.

SHACMAN сериясындагы оор жүк ташуучу унаалар. Ал эми жүк ташуучу унаалар жөнүндө кеп кыла турган болсок, Кыргызстанда биринчи жолу SHACMAN сериясындагы оор жүк ташуучу авто унаалары ТНК «Шумкар”ачык акционердик коому тарабынан чогултула баштады.

Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы билдирген. Чүй облусунун Кемин районунда жайгашкан оор жүк ташуучу жана атайын багыттагы SHACMAN сериясындагы унааларды чыгарат. Өндүрүш кытайлык «Сянь Юаньчао» компаниясы менен биргеликте жүргүзүлүүдө.

Ал эми аталган завод Бишкек машина куруу заводунан өндүрүштүк жайларды ижарага алат, анын жалпы аянты 7,4 миң чарчы метр.

Завод жылына 1200 даана жабдууларды чыгаруу планын койгон. Мындай аракеттер ички рыноктун керектөөсүн камсыздап, КМШ өлкөлөрүнө экспорттойт. Россия, Беларусь жана чет өлкөлөрдөн келген өнөктөштөр менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы айтылган.

Ишканада 100 жумушчу орун түзүлдү.

«Кыргыз унаа курулуш» заводу. Муну менен катар учурда Ош шаарындагы «Кыргыз унаа курулуш» заводу кытайлык Dongfeng компаниясы менен келишим түзүп, 12 жүк ташуучу унаанын тетиктерин алып келип кураштырууда.

«Кыргыз унаа курулуш» заводу 2018-жылы ишке кирип андан бери электр эсептегич, трансформатор жана тез жардам унаасын чыгарган.

Белгилүү болгондой ишканада учурда 500дөй кызматкер эмгектенет. Ал эми завод толук ишке киргенде жумуш орундарынын саны 5000ге жетет деп пландалган.

«Кыргыз Унаа Курулуш» — заманбап талаптарга жанастандарттарга ылайык, жогорку технологиялык жабдуулар менен жабдылган. Ишкана республика эгемендик алгандан бери Ош облусунун аймагында ачылган биринчи машина куруучу завод болуп эсептелет.

«Нарын мото» заводу. Мындан тышкары Нарын облусунда «Нарын мото» заводу ата мекендик мотоциклдерди чыгара баштады.  Завод Ат-Башы районунун Кара-Булак аймагындагы соода-логистикалык борбордун аймагында жайгашкан. Кытайлык өнөктөштөрдүн колдоосу менен завод эки, үч жана төрт дөңгөлөктүү мотоциклдерди чыгарат.

Мотоциклдер 400 килограммдан 2 тоннага чейинки жүктөрдү көтөрүүгө жөндөмдүү.

Анда мотолордун төмөнкү түрлөрү чыгарылат: электр,күйүүчү май, үстү ачык, үстү жабык, жайы-кышы айыл чарба иштерине ылайыктуу. Сатуу баасы түрүнө жараша 90 миң сомдон 190 миң сомго чейин. Завод ошондой эле үч жылга чейин бөлүп төлөө шарты менен  берет.

Рубрики: ЭКОНОМИКА

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>