«Ата, сизди сагындым»: Ноокатта 7-класстын окуучусу асынып алды

«Ата, сизди сагындым»: Ноокатта 7-класстын окуучусу асынып алды

Ноокат районунда мектеп окуучусу асынып алды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 15 жаштагы кыз алгач аймактык оорукананын реанимация бөлүмүнө жеткирилген. Асынып алган кызын апасы таап алган.

«Факты маалымат журналына катталган. Алдын ала текшерүү учурунда кыз Бостон айылында жашап, 7-класста окуганы белгилүү болду. Дубалга ал өзүн-өзү өлтүрүү тууралуу кат жазган.

«Ата, мен сизди сагындым. Мен сага келем” деп асынып алган. Асынып алган кызын көргөн апасы сыйыртмактан алып, ооруканага алып келген. Бул убакта ал өлүп калган. Соттук-медициналык экспертиза дайындалган, бирок маркумдун апасы туугандары менен кошо сөөктү алып, өлүкканага алып баруудан баш тартышкан. Өз жанын кыюунун себептери иликтенип жатат», — деп билдиришти башкармалыктан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>