“Ата Журт-Кыргызстан” фракциясынын депутаты мандатын тапшырат

Жогорку Кеңештин “Ата Журт-Кыргызстан” фракциясынын депутаты Абдыбахаб Боронбаев мандатын тапшырат. Ал Борбордук шайлоо комиссиясына арыз жазганын Reporter.kg’ге ырастады. Анын айтымында, парламенттен кетүүгө негиздүү себеп деле жок. «Жөн эле кетким келди, арыз жаздым», — дейт эл өкүлү. Белгилей кетсек, “Ата Журт-Кыргызстан” фракциясы парламентте көпчүлүктү түзөт. Алардын 20 мандаты бар.