Кыргызстанда 500 мектепте шахмат ийримдери ачылып, керектүү жабдуулар жеткирилүүдөСадыр Жапаров поезд кырсыгына байланыштуу Испаниянын королу Фелипе VIга көңүл айттыУлуттук банк шылуундар жасалма сертификат колдонуп, алдамчылык кылып жатышканын эскертти«Түндүк» иштебей, күрөө катталбай жатат — мекемелердин жообуКыргызстанда деградацияга учураган жайыттарды калыбына келтирүү программасы иштелип чыктыБоом капчыгайында 2–6-ноябрда таш түшүрүү иштерине байланыштуу кыймыл чектелет
“Ата Журт-Кыргызстан” фракциясынын депутаты мандатын тапшырат
14.02.2024 | 14:06
Жогорку Кеңештин “Ата Журт-Кыргызстан” фракциясынын депутаты Абдыбахаб Боронбаев мандатын тапшырат. Ал Борбордук шайлоо комиссиясына арыз жазганын Reporter.kg’ге ырастады.
Анын айтымында, парламенттен кетүүгө негиздүү себеп деле жок.
“Жөн эле кетким келди, арыз жаздым”, – дейт эл өкүлү.
Белгилей кетсек, “Ата Журт-Кыргызстан” фракциясы парламентте көпчүлүктү түзөт. Алардын 20 мандаты бар.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат