Социалдык тармакта энергияны үнөмдөө боюнча “Энергияны үнөмдөйлү – өлкөнү сактайлы” аттуу жарандык акция башталды.
Акцияга шоу-бизнестеги атактуу жылдыздар жана жарандык активисттер катышууда. Алар: Сыймык Бейшекеев, Анжелика Кайратовна, Айгерим Акылбекова, Урмат Борченов, Айгерим Бараканова, Урмат Усенов, Эмил Эсеналиев, Динара Багышбаева жана башкалар…
“Энергияны үнөмдө – өлкөнү сакта!”— деген аталыштагы ураан менен чыгышууда.
“Электр энергияны үнөмдөөгө ар бир жаран өз салымын кошуусу керек. Анткени ушундай жол менен гана сиз өз өлкөңүздү энергетикалык кризистен сактап кала аласыз”— деп белгилешүүдө.
Кыргызстанда Токтогул суу сактагычында суу тартыштыгынан улам, тыштан электр энергиясын сатып алууга муктаждык жаралууда. Мындан улам жарандарды электр энергияны үнөмдөөгө чакырып жатышат.
#ЭнергияныҮнөмдө
#ӨлкөнүСакта