Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаевдин атасы: Баламды саясаттын казанына кайнатып жатышат (видео)

Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаевдин атасы: Баламды саясаттын казанына кайнатып жатышат (видео)

Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаевдин баш коргоо чарасы бүгүн, 26-сентябрда Биринчи Май райондук сотунда каралууда. Бул тууралуу Сагымбаевдин ата-энеси билдирди.

Канат Сагымбаевдин атасы Туратбек Сагымбаев уулу буга чейин бир дагы саясатка аралашпаганын айтып, кызматынан алынганга чейин ишин так аткарганын билдирди.

«Баламды саясаттын казанына кайнатып жатышат. Акыйкат чечим чыгарып берсе экен деген үмүт менен отурабыз. Президент Сооронбай Жээнбеков акыйкат чечим чыгарып берүүсүң суранабыз», — деди атасы.

Ал эми Канат Сагымбаевдин апасы Алайкүл Ачакееванын айтуусунда, уулумду 25-сентябрь күнү саат 16.00гө суракка чакырып, саат 23.00дө камап салышты.

«Канат кызматынын аягына чейин буйрукту аткарды. Азыр уулума карата каралоо болуп жатат. Эми акыйкат чечим чыгат деген үмүттөбүз. Балам үйбүлөсүн экинчи орунга коюп, мекен үчүн иштеди. Канаттын жубайынын ден соолугу да жакшы эмес. Оор жумушка жарабайт. Балдары кичинекей. Үйбүлөдө бизди багып, нан таап келе турчу ушул балам, колуна кишен салынып камалып отурат», — дейт апасы.

Буга чейин Алмазбек Атамбаевди туулган күнүндө куттуктагандыгы үчүн анын жан сакчысы Канат Сагымбаев УКМКнын 9-кызматынан иштен алынган. Андан кийин Сагымбаевди Аскер прокуратурасы Кой-Таш окуясы боюнча шектүү катары 48 саатка камакка алган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>