Авиация агенттиги: Aır Kyrgyzstan авиакомпания катары жок болду

Авиация агенттиги: Aır Kyrgyzstan авиакомпания катары жок болду

Aır Kyrgyzstan авиакомпания катары жок болду. Бул тууралуу бүгүн, 21-октябрда Жогорку Кеңештин «Ишеним» фракциясынын жыйынында Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору Александр Настаев билдирди.

Отурумунда депутат Улугбек Ормонов ага Aır Kyrgyzstan мамлекеттик компаниясы тууралуу суроо узаткан.

Настаев билдиргендей, авиакомпания 2017-жылдан бери каттамдарга чыккан эмес.

«2018-жылдан бери учагы да, жыштыгы да, кызматкерлери да жок. Авиакомпания катары ал 4 жылдан бери жок. Ал жерде директор менен бухгалтери гана отурат. Ал «Ачык акционердик коом» катары бар болгону менен авиакомпания катары жок болду. Алардын учагы аэропортто турат. Бирок ал техникалык тейлөөдөн өткөрүлбөй эле. Ал темир-тезекке өткөрүп салчу темирдей эле турат», — деди ал.

Анын айтымында, аталган учак Россиянын «Мамлекеттик транспорттук лизинг компаниясына» таандык. Учурда Россияга санкция киргизилгендиктен, учакты уруксат берилмейинче колдонууга мүмкүн эмес. Ошол эле учурда Aır Kyrgyzstan эки учак сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

«Алар учак сатып алгандан кийин аба каттамдарын жандандырууну пландап жатат», — деди ал.

Ал белгилегендей, компаниянын 3,5 млн доллар бересеси бар.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>