Үстүбүздөгү жылда айымдар үчүн мыкты автоунаанын аты аталды

Үстүбүздөгү жылда айымдар үчүн мыкты автоунаанын аты аталды

Дубайдагы автосалондо «Жылдын аялдар автоунаасы» сынагынын жеңүүчүлөрү аталды. Быйыл мыкты деп Mazda3 табылганын «Жебе медиа» жазып чыкты.

Дүйнөнүн 32 өлкөсүнөн 41 эксперт алты категорияда мыктыларды аныктаган: Urban (шаардык автомобиль — Kia XCeed), Family (үй-бүлөлүк — Mazda3), Green (электромобилдер — Kia Soul EV), Luxury (люкс — BMW 8-Series), Performance (спорттук — Porsche 911) жана SUV (кроссоверлер/жолтандабастар — Range Rover Evoque).

Салт болгондой эле «Кыялдагы автоунаа» деген өзүнчө номинацияны (Holly Reich Dream Car) быйыл Porsche Taycan алды.

Мурдагы жылдары Women’s World Car of the Year версиясы боюнча Volvo XC40 (2018-жыл), Hyundai Ioniq (2017-жыл), Jaguar F-Pace (2016-жыл), Volvo XC90 (2015-жыл), Mercedes-Benz S-Class (2014-жыл) жана Ford Fiesta EcoBoost (2013-жыл) аталган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>