Соцтармактарда тарап жаткан, белгисиз эркектин аялды бетке чаап жибергени көрсөтүлгөн видео боюнча милиция кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка ылайык, ыкчам иликтөөнүн натыйжасында видеодо көрсөтүлгөн мыйзамсыз аракеттерди ИИМдин атайын багыттагы полкунун кызматкери, милициянын капитаны Р.О.Б. жасагандыгы аныкталган.
Жабыр тарткан аял арыз жазып, ушул жылдын 17-майында ГЭС-5 аймагында жогорудагы милиционер мас абалында бетине чаап жибергенин билдирген.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон. Натыйжада Р.О.Б. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Атайын кызмат мындан тышкары ага карата 2024-жылдын июнь айында медициналык кызматкерди сабоо фактысы боюнча дагы бир кылмыш иши козголгонун билдирди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.