Аялын 10 жыл сабаган милиционер коомдук иштерге тартылат

Аялын 10 жыл сабаган милиционер коомдук иштерге тартылат

Ысык-Көл облусунда аялын жана кайнежесин сабаган милиция кызматкерине айып пул салынып, коомдук жумуштарды аткарууга милдеттендирилди. Бул тууралуу Reporter.kg’ге облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, август айынын аягында милицияга Ж.Н. аттуу аял киши күйөөсү сабаганына арызданып кайрылган.

«Арыз каттоого алынып, текшерүү учурунда ал милиция кызматкери экенин аныкталды. Жабырлануучу соттук-медициналык эскпертизадан өтүп, анын жыйынтыгы боюнча ден соолугуна оор кесепети болбогондуктан «жеңил жаракат» деп аныкталган. Анын негизинде кылмыш ишин козгоодон баш тартылган. Ошол эле учурда ал Укук бузуулар кодекси боюнча жоопко тартылып, коомдук жумуштарды аткаруу жана айып пул төлөөгө милдеттендирилген», — деп билдиришти милициядан.

Каракол райондук соттун чечимине ылайык милиционер 40 саат коомдук жумуштарды аткарып, кайнежесине 20 миң сом айып пул төлөп берет.

Укук коргоочу Камил Рузиев милиция кызматкерлери жабырлануучу күйөөсүнүн ур-токмогунан кийин ооруканага жатып чыгып, азыркыга чейин дарыланып жатканын эске албай, ишти козгобоо тууралуу эрте чечим кабыл алганын айтат. Андан тышкары, жабырлануучулар облустук милициянын жетекчилигине кирип, окуя тууралуу айтып берген. Бирок ага карабай офицерлик наамды алган милиция кызматкери Түп райондук милициясында ишин улантууда.

Буга байланыштуу милиция тарабынан иштин каралышына макул эместигин билдирип, жабырлануучу тарап облустук прокуратурага кайрылган. Учурда алар прокуратурадан жооп күтүшүүдө.

Рузиевдин айтымында, жолдошу аялына 10 жылдан бери кол көтөрүп келген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>