Аймактардагы 220 мектепке лабораториялык жабдуулар жана ноутбуктар берилди

Өлкө боюнча 220 кластердик мектеп STEM-класстар (физика, химия, география, биология) үчүн окуу-лабораториялык жабдуулар жана маалыматтык-коммуникациялык каражаттар (МКТ) менен камсыздалды. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.
Жабдууларды жеткирүү «Алтын казык» мамлекеттик программасын ишке ашыруунун алкагында жүргүзүлдү. Жалпысынан мектептерге 5 500 комплект лабораториялык жабдуу, 220 интерактивдүү панель жана 220 ноутбук жеткирилди.
Бул каражаттар физика, химия, география жана биология сабактарында изилдөө иштерин жүргүзүүгө, механика, электр, оптикалык кубулуштарды, химиялык реакцияларды жана биологиялык объекттерди изилдөөгө арналган. Интерактивдүү панелдер жана ноутбуктар лабораториялык иштерди башкарууга жана эксперименттердин жыйынтыктарын санариптик форматта көрсөтүүгө колдонулат.
Министрлик жабдууларды колдонуу боюнча мугалимдер үчүн тиешелүү окутуулар өткөрүлөрүн билдирди. Аталган 220 мектеп аймактарда билим берүү стандарттарын сыноо үчүн түзүлгөн 53 инновациялык мектептин кластердик мектептери болуп саналат.
Иш-чара Агартуу министрлигинин «Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүнү реформалоо» долбоорунун алкагында ишке ашты.