“Алтын Казык” ноутбуктары даяр болуп, аймактардагы мугалимдерге жеткириле баштады

07.08.2025 | 17:44

Бүгүн, 7-августта 27 миң 31 даана “Алтын Казык” ноутбуктары министрликтин аймактык бөлүмдөрүнө өткөрүлүп берилди. Алар аймактардагы STEM предметтеринин мугалимдерине тапшырылат. Бул тууралуу Агартуу министрлииги билдирди.

Иш-чарага агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева катышып, ноутбуктар мугалимдердин ишине жардам берип, балдардын билимине кызмат кылат деп ишенерин билдирди.

“Алтын Казык” ноутбуктары И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин алдындагы Технопаркта чогултулган.

Министрликтин маалыматында, ноутбуктар үч ай бою Каракол шаарындагы мугалимдер тарабынан сыноодон өткөрүлгөн. Сыноо учурунда аныкталган кемчиликтер толугу менен жоюлган.

“Ноутбуктардын өзгөчөлүгү – анда атайын лицензияланган программасы бар. Ал өзүн автоматтык түрдө жаңыртып турат жана коопсуздук мүмкүнчүлүктөрү менен жабдылган. Ноутбуктардын ичинде мугалимдердин күнүмдүк ишине керектелүүчү программалар жана методикалык колдонмолор орнотулган”,- деп айтылат маалыматта.

Scroll to Top