Мурат Бейшенов: Эл аралык укук жоголуп, эл аралык күч гана калдыЖогорку Кеңеште тилемчилик үчүн жоопкерчиликти караган мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алындыЖККУда аскердик түзүмдөрдү жана продукцияларды ташуунун жаңы эрежелери күчүнө кирдиӨКМ: Жакынкы сааттарда Бишкекте жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал болотЭльвира Сурабалдиева 8-мартта өтө турган аялдар жүрүшүнө уруксат берүүнү сурандыСауд Арабиясынан эки авиакаттам аркылуу 210 жаран алынып келинүүдө
Аюу, түлкү, илбирс: Кыргызстандагы жапайы жаныбарлардын сүрөтү жарыяланды
17.11.2025 | 12:50
Чүй облусунун Москва районундагы «Ак-Суу» жаратылыш коругуна коюлган фотокапкандарга бир канча жапайы жаныбарлардын сүрөтү түшкөн. Сүрөттөрдөн ак илбирсти, түлкүнү, кирпини көрүүгө болот. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлиги билдирди.
Мындан тышкары ЮНЕСКОнун тизмесине кирген Беш-Арал мамлекеттик жаратылыш коругунун аймагында Франциядан келген жаратылыш сүйүүчүлөр экспедиция жасашкан. Анын жүрүшүндө коруктун аймагында байырлаган жапайы жаныбарлардын баалуу сүрөттөрү тартылган. Сүрөттөрдөн аюуну жана анын мамалактарын, ошондой эле бүркүттү көрүүгө болот.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом













