Айыл чарба министрлиги менен нидерланддык компаниялар үрөнчүлүктү өнүктүрүү боюнча кызматташууга кол коюшту

Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги, Нидерландиянын HZPC компаниясы жана «Агролид» компаниялар тобунун ортосунда үрөнчүлүктү өнүктүрүү боюнча кызматташуу меморандумуна кол коюлду. Ошондой эле тармакты өнүктүрүү боюнча сунуштарды камтыган резолюция кабыл алынды.
Кол коюу аземи 13-февралда Бишкек шаарында өткөн «Кыргызстандын үрөнчүлүгүнүн келечеги: сапат, инновация, өнөктөштүк» аталышындагы форумунун жыйынтыгында болду.
Форумга республиканын аймактарынан үрөн өндүрүүчү фермерлер, мамлекеттик жана жеке үрөн чарбаларынын өкүлдөрү, тармактык окуу жайлардын кызматкерлери жана эл аралык эксперттер катышты.
Жыйындын максаты — үрөнчүлүк тармагын өнүктүрүү аркылуу айыл чарбасында түшүмдүүлүктү жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатуу болуп саналат. Иш-чарада сапаттуу үрөн материалынын мааниси, тармакка инвестиция тартуу жана үрөнчүлүктү өнүктүрүүгө системалуу мамиле жасоо маселелери талкууланды.