Айыл чарба министрликке кабыл алууга кире албай жатышат — депутат
Депутат Райимберди Дуйшембиев Жогорку Кенеш жыйынында ага шайлоочулардан, акимдерден жана айыл өкмөттөрдөн көп кайрылуулар түшконун айтты. Жарандар атайын көйгөйлүү маселелер менен борборго келишет, бирок министрлерге жолуга албай кетишет.
«Ооба, министрлердин жарандарды кабыл алуу графиги бар, бирок аны өзгөртсө болот. Өз тажрыйбамдан айтсам, күнүнө 5–6 жаранды кабыл алчумун. Министрлер үчүн бул кыйын эмес, анткени аппарат иштейт. Көйгөйүн угуп, чечип, жооп берип койсо — баарына жеңил болот. Айрым учурларда маселе 1–2 мүнөттө эле чечилген», — деди ал.
Депутат мисал катары Токтогул районунун тургуну Рыскул Болтбеков кайрылганын айтты.
Анын сөзүнө караганда, ал кечээ күнү тогуз аксакал менен бирге Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине барып, министрге жолуга алган эмес. Бүгүн дагы барганы жатат.
Бул маселе болжол менен 40 гектар жерге байланыштуу болуп, айыл өкмөттөрдүн ортосунда узак убакыттан бери чечилбей келет. Акимдин деңгээлинде да маселе чечилген эмес.
Жарандар бул маселени чечүү үчүн атайын комиссия түзүлүп, жерине барып карап берүүсүн суранып жатышат.