Азербайжандын айыл чарба министри Меджнун Мамедов расмий визит менен Кыргызстанга келип, Чүй облусунун алдыңкы фермердик чарбаларынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу КР Айыл чарба министрлиги кабарлады.
Азербайжандык министрдин өзгөчө көңүлүн Кыргызстанда чыгарылган арашан породасындагы ири мүйүздүү мал бурду. Министр «Алтын Арашан» жана «Арашан Малек» фермаларына барып, ал жактагы колдонулуп жаткан агротехнологиялар менен таанышты.
Арашан породасы чыдамкайлыгы, тез салмак кошуу мүмкүнчүлүгү жана жемди үнөмдүү пайдаланышы менен айырмаланып, багуу үчүн экономикалык жактан пайдалуу болуп эсептелет.
Визиттин жыйынтыгында Меджнун Мамедов Кыргызстан менен Азербайжан ортосундагы агрардык кызматташтыкты кеңейтүүгө чоң мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгиледи.