Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстандын курама командасы Азия кубогу-2023 тандоо этабынын алкагында Сингапурдун командасы менен беттешти. Анда футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы Сингапур менен ойноп, 2:1 эсебинде утуп алды.
«Ак шумкарлардан» голдорду Валерий Кичин менен алмашууга чыккан Виктор Майер киргизди. Муну менен «Ак шумкарлар» тайпадагы алгачкы үч упайына ээ болуп, Тажикстандан кийин экинчи орунга жылды.
Кийинки оюнун Кыргызстандын улутук курама командасы 11-июнь күнү Мьянма курамасына каршы өткөрөт.