Бүгүн, 8-августта Жогорку Кеңештин кезексиз сессиясы өтөт
8.08.2019 12:53
Бүгүн, 8-август саат 14:00дө Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков парламенттин кезексиз сессиясына чакырат. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы кабарлады.
Эл өкүлдөрү Кой-Ташта болгон башаламандыкты талкуулашат.
Белгилей кетсек, кечээ 7-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы жүрдү. Анда 48 адам ар кандай жаракат алды. Анын 38и ооруканаларга жаткырылды.
REPORTER.KG маалымат агенттиги. Бардык укуктар корголгон. Сайтта келтирилген материалдарды көчүрүп алуу басмакананын уруксаты менен жана булакка активдүү гипершилтемени милдеттүү түрдө көрсөтүү менен гана мүмкүн болот.