Хабиб Нурмагомедов

Бүгүн Бексултан Жакиев менен коштошуу зыйнаты опера жана балет театрында өтөт

Бүгүн Бексултан Жакиев менен коштошуу зыйнаты опера жана балет театрында өтөт

Бүгүн, 26-апрелде Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында эл жазуучусу Бексултан Жакиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтөт. Бул тууралуу Улуттук Жазуучулар союзунун «Фейсбуктагы» баракчасына жарыяланды.

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты бүгүн саат 11.00дө башталат.

Бексултан Жакиев 1936-жылы 16-январда Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Бөкөнбаев айылында туулган.

Ал 1958-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 1960-1962-жылдары Москвадагы киносценаристтердин эки жылдык жогорку курсунда окуган.

Эмгек жолун «Кыргызфильм» киностудиясында редакторлуктан баштаган. Андан кийин 1963-1968-жылдары Кыргыз ССРинин Маданият министрлигинде, 1972-1975-жылдары Кыргыз ССРинин Мамлекеттик кинематография комитетинде башкы редактор, 1988-1992-жылдары Кыргызстан театр ишмерлер союзунун секретары, 1992-1993-жылдары Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик кеңешчиси, 1994-2000-жылдары «Манас-1000» мамлекеттик дирекциясынын көркөм жетекчиси, директору кызматтарын аркалаган. Ошондой эле 1994-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы боюнча комитеттин төрагасы болгон.

Бексултан Жакиев «Атанын тагдыры» аттуу алгачкы драмасы менен адабияттын астанасын аттаган. «Атанын тагдыры» аттуу чыгармасы менен автор кыргыз адабиятына, театр жаатына жаңы дем, жаңы мазмун, ой киргизип, коомчулукта чоң резонанс жараткан. Ушул күнгө чейин аталган драма Кыргыз улуттук академиялык драма театрында 500дөн ашык жолу, ал эми Казакстандын Алматы, Чымкент, Жамбыл, Семей театрларында 300дөн ашык жолу кайра-кайра коюлган. «Атанын тагдыры» драмасы боюнча опера (В. Гусев), «Саадак какты» драмасы боюнча балет (Э. Жумабаев) коюлган.

Бексултан Жакиевдин адам турмушунун ар кыл жагдайларына арналган курч жана актуалдуу, жашоонун чындыгын ачып берген «Миң кыял» (1964), «Алтын аяк» (1967), «Өкүм (1972), «Эртең — жаңы жыл» (1975), «Жолугушуу» (1979), «Күттүргөн жаз да келээр» (1981), «Саадак какты» (1982), «Жүрөлүчү жүрөк оорутпай» (1989), «Жаза» (1990) жана башка драмалары да элдин сүйүп, издеп окуган чыгармаларына айланган. Мындан сырткары бир катар новелла, аңгеме, очерк, киносценарийлердин да автору («Азамат Алтай», «Бороондуу жолдо» (1965), «Встреча в городе ветров» (1969).

Бексултан Жакиевдин айрым чыгармалары орус, якут, казак жана башка тилдерге которулган жана чет өлкөлөрдүн театрларында бүгүнкү күндө да коюлууда.

Көп кырдуу талант катары белгилүү чет элдик жазуучулар Б. Брехттин, С. Михалковдун, М. Ауэзовдун драмаларын кыргыз тилине которуп, кыргыз котормо адабиятына чоң салым кошкон.

Коомдук ишмер, мекенчил жаран катары Б. Жакиев 2000-2003-жылдары даярдаган кыргыздын манасчылык, төкмөчүлүк өнөрлөрү боюнча сунушу ЮНЕСКО тарабынан «Адамзат рухундагы оозеки мурастын шедеври» деп таанылып, Парижде расмий жарыяланып, колдоого алынган.

Бексултан Жакиев башында драматург катары таанылса, кийинки мезгилдерде, элди руханий кризис мөгдөтүп турган учурда публицистика аркылуу коомду агартууга өз салымын кошуп келаткандардын башкы сабында турган. Ал руханий жактан өткөөл учурду баштан кечирип жаткан кыргыз элинин кыйчалыш мезгилинде көсөмдүк, даанышман жактары менен айырмаланып, коомчулуктагы болуп жаткан жат көрүнүштөргө үн кошуп, ак сакал катары өмүрүнүн акырына чейин акыл насаатын айтып келди. «Бизге кур намыс эмес, ар намыс керек» деген сыяктуу макалалары Бексултан Жакиевди өзүн драматург гана эмес, публицист катары да көрсөтүп, Кыргыз Республикасынын Баатыры катары өзүн коомго, мамлекетке керектүү адам экендигин далилдей алды.

Белгилүү драматург, кинодраматург, публицист жана жазуучу, коомдук жана саясий ишмер, кыргыздын даанышман адамы Бексултан Жакиев өмүр, чыгармалык жолунда мамлекет алдында жасаган иши жогору бааланып, «Кыргыз Республикасынын Баатыры», III даражадагы «Манас» ордени, «Даңк» медалы, Кыргыз ССРинин искусствого эмгек сиңирген ишмери, Кыргыз эл жазуучусу, Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын, Казакстандын Төлөгөн Айбергенов атындагы эл аралык сыйлыгынын, Жамбыл Жабаев атындагы эл аралык сыйлыгынын лауреаты жана Казакстан Республикасынын «Астана» медалдары менен сыйланган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>