Бүгүн, 16-декабрда Жогорку Кеңеште мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн парламентте түзүлүп жаткан шарттар жана анын келечегин талкуулаган бейформал жолугушуу болот. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Жолугушуу саат 13:00дө Жогорку Кеңештин 3-кабатында өтөт. Иш-чарада Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматынын “Күчтүү парламент – жарандардын жигердүү катышуусу менен!” чакырыгынын алкагында жүргүзүп жаткан иштери тууралуу сөз болот.