Бүгүн, 10-сентябрда Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети жыйында “Кумтөр” боюнча өкмөттүн маалыматын угат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады.
Маселе боюнча премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев маалымат бере турганы айтылууда.
“Кумтөр” долбоорунун ишине байланыштуу Жогорку Кеңештин токтомдорунун жана өкмөт менен “Центерра Голд” компаниясынын ортосунда кол коюлган макулдашуунун аткарылышынын жүрүшү жөнүндө өкмөт маалымат берет.