Бүтүрүүчүлөр аттестаттарын кантип алат? Министрликтин жообу

Бүтүрүүчүлөр аттестаттарын кантип алат? Министрликтин жообу

Быйыл 9-классты аяктап жаткандарга күбөлүктөр 21-июнда тапшырылса, мектеп бүтүрүүчүлөрүнө 20-июнда берилет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

«Абал жөнгө салынбаса, ар бир окуучу мектеп берген график боюнча ата-энелери менен эки-үчтөн барып мектептен алып кетишет. 20-июнга чейин аттестат, күбөлүктөр бардык бүтүрүүчүлөрдүн колунда болуп калуусу шарт”, — деп жазылат маалыматта.

Белиглей кетсек, быйыл Кыргызстанда 59 миңдей окуучу 11-классты, 104 миңге жакын окуучу 9-классты бүтүрөт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>