Бир сутка ичинде ооруканадан чыгарылгандардын саны 28 бейтап. Бул тууралуу бүгүн, 27-майда Өкмөт үйүндө өткөн онлайн жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Коронавирустан айыгып чыккандар: Бишкек ш. – 14, Нарын облусу — 8, Жалал-Абад облусу — 6.
Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 1043 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.