Бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык кызматкер арасында коронавирус жуктуруп алгандардын саны 2 учур катталды. Бул тууралуу бүгүн, 24-майда штабдан билдиришти.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 275 учур катталды, алардын ичинен 230 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.