Өлкөдө коронавирустан дагы бир бейтап каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 16-июнда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.
Кыргыз-Түрк достук ооруканасынан 1 бейтап (85 жаштагы аял киши) көз жумду.
Республика боюнча илдеттен каза болгондордун саны 28ге жетти.