Бүгүн, 10-январда Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо башталды. Ошондой эле, өлкөдө башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум өтүп жатат — парламенттик же президенттик.
Саат 8: 00дө республикада шайлоо участкалары ачылды. Алардын бардыгы 2 миң 394, алардын ичинен 48и чет өлкөлөрдө. БШКнын маалыматы боюнча, шайлоочулардын акыркы тизмесине ылайык, 3 миллион 563 миң 574 адам добуш бере алат.
Президенттикке 17 талапкер катталды.