Бүгүн парламентте кумар оюдарына уруксат берүү мыйзам долбоору каралат

Бүгүн парламентте кумар оюдарына уруксат берүү мыйзам долбоору каралат

Бүгүн, 6-апрелде Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында Ысык-Көл облусунун аймагына кумар оюндарына уруксат берүү боюнча мыйзам долбоору каралат.

Мыйзам долбоору депутаттар Дастан Жумабеков жана Бактыбек Турусбеков тарабынан демилгеленген.

«Тамчы» аэропортунун базасындагы 1200 гектар жерде бир нече мейманканасы менен казинонун курулушу болжолдонгон. Документке ылайык, кумар оюндары ошол аймакта гана ойнотулат жана ага Кыргызстандын жарандары киргизилбейт. Бул мыйзам долбоору өлкөнүн башка аймактарында иштебейт.

Демилгечи депутататтар мыйзам долбоору ишке кирсе жумуш орундары түзүлүп, бюджетке каражат түшөт деп эсептешет.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 2021-жылы кумар оюндарынын ишмердүүлүгүнө жана 2015-жылы тотализатор менен букмекерлерге тыюу салынган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>