Бүгүн Жогорку сот камактагы саясатчы Өмүрбек Текебаевдин ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайра карайт. Бул тууралуу “Ата Мекен” партиясынын юристи Таалайгүл Токтакунова кабарлады.
Юристтин айтмында негизги күбө – Леонид Маевскийдин көрсөтмөсү жалган экенин далилдеген жаңы жагдайлар бар.
Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов “коррупция” боюнча айыпталып, 8 жылга эркинен ажыратылган. “Менден 1 миллион доллар пара алган” деген көрсөтмө берген негизги күбө Леонид Маевский Орусияда олуттуу кылмыш ишине шектелип, камакка алынган.