Бүгүнтөн тарта Евразия Экономикалык Биримдигинен (ЕАЭБ) сырткаркы мамлекеттерден ташып келинген автоунаалардан алынчу бажы алымы көбөйдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 1- январынан тарта 2009-жылы чыккан 2,5 көлөмдөгү «Toyota Camry» автоунаасынын бажы төлөмү 13 600 долларга чыкты.
Мурда бул унаалардын бажы төлөмү 1250 доллар болчу.