Белгилүү Backstreet Boys тобу Казакстандын эки шаарында концерт берет

Белгилүү Backstreet Boys тобу Казакстандын эки шаарында концерт берет

Дүйнөгө белгилүү америкалык Backstreet Boys тобу ушул жылдын күзүндө Казакстандын эки шаарында концерт берерин өз сайтына жарыялады.

Маалыматка ылайык, концерт Алматы шаарынын борбордук стадионунда 19-сентябрда, ал эми Астанадагы «Астана Аренада» 21-сентябрда өтөт.

Backstreet Boys Казакстандагы концертин топтун 30 жылдыгына арналган дүйнөлүк гастролунун алкагында коёт. Учурда билет тууралуу маалыматтар бериле элек, бирок сатуулар жакын арада башталары күтүлүүдө.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>