Кыргызстанда VIII республикалык онлайн китеп окуу сынагы башталды. «Оку» долбоору китеп окуу маданиятын өнүктүрүүгө багытталган. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучулары билдирди.
Сынак жалпы окурмандар, мугалимдер жана мектеп окуучулары үчүн болот. Жалпы байге фонду 250 миң сомду түзөт. Сынакка 4-мартка чейин акысыз катталса болот. www.oku.biz.kg сайтында уюштурулуучу мелдеш 6-март күнү online өткөрүлөт.