Бакиров эми “Мекеним Кыргызстанды» жетектейт. Партияга кимдер кирди?

Бакиров эми “Мекеним Кыргызстанды» жетектейт. Партияга кимдер кирди?

Вице-спикер Мирлан Бакиров “Мекеним Кыргызстан”саясий партиясын жетектейт. Бул тууралуу Reporter.kg`ге өздүк булактар кабарлады.

Маалымат булагыбыздын айтымында, 3-июнь күнү партиянын саясий кеңешинин жыйыны өткөн. Саясий кеңешке юрист Канат Азиз, журналист Элнура Алканова, депутат Каныбек Иманалиев мүчө болуп кирген.

Адилет министрлигинин расмий сайтында “Мекеним Кыргызстан” партиясынын төрагасы катары Ош шаарынын экс-мэри Ильичбек Салыевич Эргешов көрсөтүлгөн.

Reporter.kg маалымат сайты журналист Элнуар Алканова менен байланышканда ал, партиянын саясий кеңешине мүчө болбогонун айтып, айтылып жаткан маалыматтарды четке какты.

Мындан сырткары парламент депутаты Марлен Маматалиев “Республика” партиясынын чыгып, “Мекеним Кыргызстан” партиясына өтүп жатканы айтылууда. Бирок депутат аталган партияга кошулганын тастыктаган да четке каккан да жок.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>