Бактыбек Бекболотов ЖККУнун киберкоопсуздук боюнча форумун жыл сайын өткөрүүнү сунуштады

Бактыбек Бекболотов ЖККУнун киберкоопсуздук боюнча форумун жыл сайын өткөрүүнү сунуштады

Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Бактыбек Бекболотов ЖККУнун киберкоопсуздук маселелери боюнча форумун жыл сайын өткөрүү демилгесин көтөрдү. Бул сунушту ал “Союзники. ОДКБ” басылмасына берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, иш-чаранын жаңы форматы туруктуу өнүгүүгө ээ болуп, күн тартиби кеңейген, практикалык жыйынтыктары бар жыл сайын өтүүчү форумга айланышы мүмкүн. Форумга «Ысык-Көл кибердемилгеси» аталышын берүү сунушталды.

Форум өтүүчү жер боюнча эки вариант каралууда: туруктуу негизде Кыргызстанда өткөрүү же уюмга төрагалык кылган мамлекеттердин ортосунда кезектешип өткөрүү.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>