Бактыбек Мажитов Жогорку Кеңештин Аппарат жетекчиси болуп дайындалды

Бактыбек Мажитов Жогорку Кеңештин Аппарат жетекчиси болуп дайындалды

Бактыбек Мажитов Жогорку Кеңештин Аппарат жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Тиешелүү тескемеге төрага Талант Мамытов кол койду.

Өмүр баяны

Мажитов Бактыбек Өмүрзакович 1976-жылы 20-декабрда туулган. Юридикалык жана экономикалык жогорку билимге ээ, юридика илимдеринин кандидаты.

11.1998  — 07. 2003-жылдары Кыргызстан эл аралык университетинин филиалынын окутуучусу;

11.1999 — 11.2010-жылдары Жалал-Абад облустук шайлоо комиссиясынын шайлоо боюнча юрист эксперти;

12.2010 — 03.2011-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин консультанты;

10.1999 — 05.2015-жылдары адвокат;

05.2015  — 05.2020-жылдары Жалал-Абад облусунун райондор аралык сотунун судьясы, төрагасы;

2020-жылдан ноябрынан бери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасынын кеңешчиси;

09.2016 — 09.2022-жылдары К.Ш.Токтомаматов атындагы эл аралык университетинин жарандык укук жана процесс кафедрасынын профессору (айкалыштыруу боюнча).

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>