Бактыбек Сыдыков: Менин милдетим — жаштарга туура багыт берип, кыялга карай жолун улантуусуна салым кошуу

Бактыбек Сыдыков: Менин милдетим — жаштарга туура багыт берип, кыялга карай жолун улантуусуна салым кошуу

Жогорку Кеңештин депутаттыгына бир мандаттуу №16 Ноокен шайлоо округунан ат салышып жаткан талапкер Бактыбек Сыдыков ар күнү шайлоочулар менен жолугушууда. Талапкер бул ирет Майлуу-Суу жана Кочкор-Ата шаарларынын жашоочулары менен жолугуп, элдин көкөйүнө көк таштай тийген көйгөйлөрдү жеринен угуп, талкуулады.

Жолугушууга келген шаар тургундары ысык суу, жылуулук маселелери түйшөлтүп келгенин билдиришти. Ошондой эле, алар дарыгерлердин жетишсиздигин жана пенсия, эмгек акылардын аздыгын айтышты.

“Учурда өлкөдө каатчылык күч алып, базарда азык-түлүктүн баалары күн сайын  өсүүдө. Эл татыктуу жумуш таба албай кыйналууда. Ошондуктан жаңы жумуш орундарын түзүүгө шарттарды түзүп, жаштарга колдоо көрсөтсөңүздөр жакшы болмок”,- деди шайлоочулардын бири.  

Алгач, Бактыбек Сыдыков жолугушууга келгендерге калктын калың катмарынын кызыкчылыгын чагылдырган, буга чейин эле элет элинин купулуна толгон өзүнүн  программасы жөнүндө кеңири айтып берди. Анда өлкөдөгү, айрыкча райондорго байланышкан жана калктын көтөрүп жаткан актуалдуу маселелерди чечүүнүн жолдору камтылган.

Сыдыков шайлоочуларга кайрылып, анын башкы максаты аталарынын жолун жолдоп, элине жана жерине ак кызмат кылуу экенин баса белгиледи.

“Ыраматылык атам Үсөн Сыдыков өлкөбүздү, анын ичинде туулган жерин сүйүп, урмат-сый менен элине ак кызмат кылды. Аталарымдын жолун жолдоп, элибиз үчүн кызмат кылуу менин негизги максатым. Ошондуктан, Жогорку Кеңештин депутаттыгына аттанып жатам. Мен эч кимге жомоктогудай жашоону убада кылбайм. Бирок менин программамда чындыгында региондорду өнүктүрүп, элдин жашоо деңгээлин жакшыртуу боюнча реалдуу ишке аша турган долбоорлор камтылды. Аны жүзөгө ашырууга билимим, тажрыйбам жана күчүм жетет деп так кесе айта алам”,- деди Сыдыков.

Ошондой эле, ал жаштарды колдоого өзгөчө көңүл буруу күндүн талабы экенин баса белгиледи.

“Жаштар биздин эртеңки келечегибиз, ошондуктан аларга туура багыт берип, кыялга карай жолун улантуусуна салым кошуу ар бирибиздин милдетибиз деп эсептейм. Мындан улам мен буга чейин эле жаштарга колдоо көрсөтүү максатында “Ноокен жаштары” коомдук бирикмесин түзүп, жогорку окуу жайларында жакшы окуган, талантуу студенттерге ар тараптуу колдоо көрсөтүп, аларга өзүмдүн кеп кеңештеримди айтып келе жатам.

Мындан тышкары, жаштарды ар кандай кылмыштуулукка баруусун алдын алып, сергек жашоого үндөө максатында спорт тармагын өнүктүрүүгө маани берип, бул тармактын материалдык базасын чыңдоого өзгөчө басым кылып келем. Аны менен бирге эле жаштарды, жаш спортчуларды ар кандай  спорттук иш-чараларга катышуусуна шарттарды түзүп, алардын спортко болгон кызыгууларына түрткү берүүгө аракеттенип жатам”,- деди ал.

Муну менен бирге эле шайлоочуларга кайрылып, 28-ноябрда өтө турган шайлоодон өлкөнүн беш жылдык тагдыры жана элдин эртеңки келечеги аныкталарын айтты.

“Урматтуу жердештер! Алдыдагы шайлоодо сиз элдин кызыкчылыгын коргоого татыктуу, Кыргызстан үчүн кам көргөн жана жеке кызыкчылыктарын мамлекеттик кызыкчылыктардан жогору койбогон адамдарды шайлоо менен республиканын тарыхынын жүрүшүн өзгөртө аласыз! Эгер мага ишеним артып, мага добушуңарды берсеңиздер, сиздердин кызыкчылыкты коргоого даярмын. Сиздер менен бирге сүйүктүү жергебизди гүлдөтүп, өнүктүрө аларыбызга мен терең ишенем”,- деп сөзүн жыйынтыктады Сыдыков.

Жолугушуунун соңунда шайлоочулар талапкерге ак жол каалап, Ак сакалдар ага шайлоодо жеңип чыгуусуна ак батасын беришти.

Кыргызстанда 28-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өтөт. Шайлоо бюллетенинде Бактыбек Сыдыков №5 менен катталган.

 

Даярдоочу: «Акчабар» ЖЧКсы. Дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Каракульская көчөсү, №1.

Тапшырмачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Сыдыков Бактыбек Үсенович.

Нускасы: 1 даана, чыгарылган датасы: 2021-ж. 16-ноябрь.

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Сыдыков Бактыбек Үсеновичтин шайлоо фондунун каражаттарынан финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Камбаров А.Ж.  тарабынан төлөндү.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>