Бакыт Төрөбаев жана ЭВФтин өкүлү эки тараптуу кызматташтыктын келечегин талкуулашты
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) Кыргыз Республикасындагы туруктуу өкүлү Фарид Талышлы менен жолугушуу өткөрдү. Тараптар өз ара аракеттенүүнүн учурдагы деңгээлин талдап, экономикалык реформаларды ишке ашыруу алкагында мындан аркы өнөктөштүк боюнча пландарды белгилешти. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө өлкө экономикасын колдоодогу ЭВФтин ролунун маанилүүлүгү белгиленди. 30 жылдык кызматташтыктын ичинде фонд республикада жакырчылыктын деңгээлин кыскартууга жана туруктуу экономикалык өсүштү камсыздоого багытталган 12 программаны ишке ашырган. Бакыт Төрөбаев акыркы үч жылда Кыргызстандын ИДПсынын орточо өсүү темпи 9,0%ды түзгөнүн баса белгиледи. Мындай жогорку экономикалык активдүүлүк инфраструктураны модернизациялоо, ишкердик активдүүлүктү турукташтыруу жана атаандаштык чөйрөнү жакшыртуу боюнча мамлекеттик чаралар менен шартталган.
Жолугушуунун катышуучулары мамлекеттик башкаруу системасындагы түзүмдүк өзгөрүүлөргө өзүнчө көңүл бурушту. Акыркы жылдары ишке ашырылган реформалар эл аралык рейтингдик агенттиктердин оң баасын алды, бул өлкөдөгү инвестициялык климаттын бекемделгенин тастыктайт. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар узак мөөнөттүү каржылык туруктуулукту камсыздоо жана Кыргызстандын экономикасынын стратегиялык тармактарын колдоо үчүн конструктивдүү диалогду улантуу ниетин ырасташты.