Баласын сабап жаткан адамдын видеосу интернетке кантип тарап кеткен?

Баласын сабап жаткан адамдын видеосу интернетке кантип тарап кеткен?

Жерден түртүлүү көнүгүүсүн жасабайсың деп баласын катуу сабаган адамдын видеосу кантип интренетке тарап кеткендиги белгилүү болду. Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, окуя 16-апрель күнү саат 11:00 чамасында Москва шаарынын Кунцево районунда болгон.

“Видеону шектүүнүн жубайы тарткандыгы жана WhatsApp мессенджери аркылуу атасына жөнөткөндүгү аныкталган. Ал эми атасы туугандарына WhatsApp мессенджери аркылуу жөнөтүп койгондуктан, ал социалдык тармактарга тарап кеткен. Учурда аталган фактыга юридикалык баа берүү үчүн териштирүү жүрүүдө”, — деп жазылат маалыматта.

ИИМ буга чейин жаш баланы сабаган адамдын тек-жайын тактаган. Ал  Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун 1985-жылы туулган Ж.Э. аттуу тургуну экендиги, 2019-жылдын октябрь айынан бери үй-бүлөсү менен Москва шаарында жашап келгендиги аныкталган.

Жубайлар учурда үч баланы тарбиялап келишет.  Шектүүнүн келинчеги 5 айлык кош бойлуу экендиги маалым болду.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>