Балдарды зордуктоо кылмышы үчүн өмүр бою эркинен ажыратуу жазасын киргизүү сунушталууда

Кыргызстанда балдарга карата жасалган зордуктоо жана зордуктоо менен коштолгон адам өлтүрүү кылмыштары үчүн өмүр бою эркинен ажыратуу жазасын сунушталууда. Президенттик администрация тарабынан сунушталган мыйзам долбоор коомдук талкууга коюлду.
Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган долбоор балдардын жана аялдардын өмүрүн, ден соолугун кылмыштуу кол салуулардан коргоого багытталган.
Ага ылайык төмөнкү өзгөчө оор кылмыштар үчүн жазаны катаалдаштыруу сунушталууда:
- Адам өлтүрүү (122-берене): Эгерде адам өлтүрүү кылмышы зордуктоо же сексуалдык зомбулуктун башка формалары менен коштолсо, күнөөлүү деп табылган жаран мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркиндигинен ажыратылат.
- Зордуктоо (154-берене): 14 жашка толо элек балага же майыптыгы бар адамга карата жасалган зордуктоо үчүн мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркиндигинен ажыратуу жазасы белгиленет.
Мыйзам долбоордун негиздеме-маалымат катында акыркы жылдары балдарга жана аялдарга карата жасалган кылмыштардын саны өсүп жатканы айтылат.
Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, 2021-жылы аялдар менен балдарга карата 39 өлтүрүү факты катталса, 2024-жылы бул көрсөткүч 43тү түзгөн. Ошондой эле зордуктоо фактысы боюнча 2021-жылы 80 учур катталган болсо, 2023-жылы 175ке чейин жеткен. 2024-жылы бул берене боюнча 107 кылмыш иши козголгон.
Документте белгиленгендей, мындай кылмыштардын көбү жабырлануучулардын жана алардын жакындарынын кооптонуусунан улам жашыруун бойдон калат. Мындан улам расмий статистика кылмыштуулуктун толук сүрөтүн чагылдыра албайт.