Акциздик белгилердин мыйзамдуу жүгүртүлүшүн көзөмөлдөө максатында Балыкчы жана Чолпон-Ата шаарларында Президенттин Иш башкармасы, “Учкун” ААК жана Мамлекеттик салык кызматы биргелешип рейд өткөрүштү. Мындай маалыматты Президенттин Иш башкармалыгы таратты.
Текшерүү учурунда акциздик белгисиз алкоголдук ичимдиктер жана кант кошулган суусундуктар табылды. Президенттин Иш башкармалыгы бул ишке түздөн-түз катышып, анткени акциздик белгилерди даярдоо жоопкерчилиги анын курамындагы “Учкун” ААКсына жүктөлгөн.
“Мамлекеттик белги — бул мамлекетке болгон ишеним. Аны мыйзамсыз колдонууга эч кимдин укугу жок”, — деди Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев.
Рейд учурунда Балыкчыдагы айрым дүкөндөр текшерүү болору алдын ала маалым болгону аныкталды. Бул үчүн Салык кызматынын төрагасы Алманбет Шыкмаматов жергиликтүү салык жетекчилигине катуу сөгүш жарыялады.
Акциздик белгилерге байланыштуу мыйзам бузуулар коомчулукта кызуу талкууланып жатат. Буга чейин бул тармактагы коррупциялык иштер үчүн Салык кызматынын мурдагы жетекчиси кармалган.
“Президенттин Иш башкармасы мамлекеттик белгилердин мыйзамдуу колдонулушун мындан ары да катуу көзөмөлдөйт”,-деп айтылат Иш башкармалыктын маалыматында.