Балыкчы шаарында Куралдуу Күчтѳрдүн “Формирование-2019” машыгуусу башталды.
Машыгуунун ачылышына Генералдык штабынын башчысынын биринчи орун басары Нурлан Кирешеев, Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин жана Кургактагы аскерлердин ѳкүлдѳрүнүн катышуусунда ѳттү.
Машыгуунун жүрүшүндѳ аскерге чакыруу иш-чарасынын практикалык комплекстерин аткаруу, мобилизациялык ресурстарды жиберүү, окуу борборунда аткыч роталарды күжүрмѳндүүлүккѳ шайкеш келтирүү боюнча практикалык иш-чаралардын комплекси аткарылды.
Машыгуунун катышуучулары менен тактикалык жана ок атуу даярдыктары боюнча сабактар ѳткѳрүлөт. Ошондой эле мобилизацияны өткөрүүнү билүү жана штабдарды окутуп-үйрѳтүү маселелерин иштеп чыгуу боюнча иш-аракеттер уюштурулду.
13-августта башталган машыгуу 15-августка чейин уланат.
Ушундай эле машыгуу ушул жылдын апрель айында Майлы-Суу шаарында өткөрүлгөн.