2025-жылдын 12-июлунда Балыкчы гарнизонунда Советтер Союзунун баатыры генерал-майор И.В. Панфиловдун ысымын алып жүргөн, Ленин, Кызыл Туу жана Суворов ордендери менен сыйланган, легендарлуу 8-гвардиялык мотоаткычтар дивизиясынын түзүлгөндүгүнүн 84 жылдыгы белгиленди. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Коргоо министри генерал-майор Руслан Мукамбетов катышты.
Майрамдык иш-чарага Панфилов дивизиясынын өздүк курамы, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын жана Коргоо министрлигинин борбордук аппараттарынын өкүлдөрү, Балыкчы шаарынын тургундары жана коноктору катышышты.
Салтанатта Коргоо министри Панфилов дивизиясынын 23- мотоаткычтар бригадасына Күжүрмөн тууну тапшырып, өз сөзүндө аскер кызматчыларын ата-бабалардын даңктуу салтын улап, Куралдуу Күчтөрдүн мыкты үлгүсү болууга чакырып, ак ниет кызматта ийгиликтерди каалады.
Ошондой эле, генерал-майор Руслан Мукамбетов кызматында ийгилик жараткан аскер кызматчыларын ведомстволук сыйлыктар менен сыйлады.
Митингдин соңунда коноктор заманбап аскердик техника жана курал-жарактар менен таанышып, И.В. Панфилов атындагы Тарых музейинин көчмө көргөзмөсүн көрүштү.
Майрамдык иш-чара Борбордук армия үйүнүн чыгармачыл тобу тарабынан даярдалган чоң концерттик программа менен жыйынтыкталды.