Кечээ, 14-мартта коммерциялык банктар банктар аралык валюта рыногунан 7,6 млн доллар сатып алышты. Бул тууралуу «Акчабар» жазды.
Соода доллардын наркы 104,92 сом деңгээлинде ачылды. Бирок, соода сессиясынын жабылышына карата курс 0,07%га жогорулап, 105 сомду түздү.
Кошумчалай кетсек, өткөн аптада коммерциялык банктар банктар аралык валюта тооруктарында 32 млн 70 миң доллар сатып алышкан. Валютанын орточо сатуу курсу 101,5 сомду түздү.